• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Ынтымак-2" паркында мыйзамсыз тартылган зымдар кесилүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында шаардыктардын коопсуздугун жана борбордун сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн зымдарды толугу менен кесүү башталды.

Маалыматка ылайык, учурда "Ынтымак-2" паркында балмуздак жана суусундуктарды саткан соода түйүндөрүнүн ишкерлери мыйзамсыз өткөргөн 250 метр кабель кесилди.

Бишкек мэриясы тургундардан шаар турмушуна байланышкан бардык маселелер боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий