• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бийликти узурпациялоо тууралуу суроого жооп берди

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Бүгүн Конституциялык кеңешменин маалымат жыйында аталган кеңешменин мүчөлөрү бийликти узурпациялоо тууралуу суроого жооп берди.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманованын айтымында, Конституциянын жаңы долбоору кеңешмеге сунушталганга чейин эле бийликти узурпациялоо тууралуу сөздөр айтыла баштаган.

“Ал жерде узурпациялоо тууралуу сөз жок. Жогорку Кеңештин мурдагы ыйгарым укуктары дээрлик баары калып жатат. Президентке көбүрөөк жоопкерчилик берүү тууралуу сунуштар түшүп жатат”, - деди ал.

Анын айтымында, президентке “экс” макамы берилгенден кийин, ал жоопкерчиликти алышы керек.

“Жоопкерчилик менен узурпацияны чаташтырбаш керек. Президентке чоң жоопкерчилик жүктөө керек. “Ханыша” катары отура бергени болбойт. Биз ага “экс” макамын бергенден кийин, ал жоопкерчиликти да алышы керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий