• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто дээрлик 6 кг гашиш сатууга аракеттенген эки адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. “Канал-Невский щит” эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Ош шаарында 6 кг гашиш баңгизатын сатууга аракеттенип жаткан жеринен эки адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам мобилдү бөлүмдөрүнүн башкармалыгына Э. аттуу жарандан Ош облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (“Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 37 жаштагы М.А., 31 жаштагы Д.С. аттуу жарандар баңгизаттарын сатууга аракеттенип жаткан жеринен кармалган. М.А. аттуу жаранга таандык “ДЭУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаанын ичинен гашиш баңгизатына окшош өзгөчө жытка ээ зат табылган. Ошондой эле Д.С. аттуу жаранга таандык “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаадан жалпы салмагы 5 кг 859 гр түзгөн зат табылган.

Криминалистика кызматынын корутундусуна ылайык, алынган заттар гашиш болуп, жалпы салмагы 5 кг 859 гр түзгөн.

Кармалган М.А. жана Д.С. Кара-Суу райондук милицясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий