• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта тез тамактануучу жайдагы өрт толугу менен өчүрүлдү – ӨКМ

Кырсык 0


Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда тез тамактануучу жайдагы өрт саат 16:52де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти

Эскерте кетсек, Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайда газ баллону жарылып, натыйжада өрт чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган 11 адам ар кандай жараат менен Кара-Буура аймактык ооруканасына жеткирилген. Төртөөнүн абалы оор деп бааланууда. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий