• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Бүгүн саат 11:53тө кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзүп, анын очогу Кыргызстандын аймагында - Ак-Булак айылынан түндүк-батышка карай 5 км, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 40 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Булак, Курмөнтү, Ак-Булуң, Балбай айылдарында 3 баллга чейин, Шаты, Кутургу, Түп айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий