• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 10 мектеп, жети бала бакча жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен 20-сентябрь саат 15:00гө карата 10 мектеп жана 7 бала бакча жабыркагандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Баткен облусунда бардык типтеги жана формадагы 188 бала бакча, 238 мектеп, 11 кесиптик лицей, 5 колледж жана 5 жогорку окуу жайы бар.

“Облус боюнча бала бакчалардын тарбиялануучуларынын жалпы саны 20 миң 302 адамды, ал эми мектеп окуучуларынын саны 118 миң 30 адамды түзөт. Жалпы тарбиячылар 954, ал эми мугалимдердин жалпы саны 7 миң 564. Ош облусунун Чоң-Алай районунда бардык типтеги жана формадагы 23 бала бакча, 17 мектеп жана бир кесиптик лицей бар. Район боюнча бала бакчалардын тарбиялануучуларынын жалпы саны 1 миң 450 адамды, ал эми мектеп окуучуларынын саны 5 миң 961 адамды түзөт. Тарбиячылардын саны 130, мугалимдердин жалпы саны 670 адам”, - дейт Жусупбекова.

Пикир

Оставить комментарий