• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо жигит кызганычтан улам сүйлөшкөн кызынын батирин өрттөдү

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Каракол шаарында жаран сүйлөшкөн кызын кызганып, анын батирин өрттөп салды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-августта саат 03:30 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги бош батирде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция келип, Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери тез убакыт ичинде өрттү өчүрүүгө жетишкен.

“Өрт чыккан батирдин ээси 38 жаштагы Караколдун жашоочусу экендиги аныкталган. Ага чейин батир медициналык окуу жайдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн директору Анарбүбү Апсалиевага тиешелүү болгон”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуу жайдын директору 2016-жылы өлтүрүлгөн. Анын кызы апасынын бычакталган жансыз денесин батиринен тапкан.

“Батирди өрттөгөнгө шектелип 18 жаштагы Ж.Акжолтой жана анын тууганы 19 жаштагы М. Адилет аттуу жергиликтүү тургундар кармалышты. Алар күнөөнү мойнуна алышты. Алардын айтымында, Акжолтой сүйлөшкөн кызын кызганып, андан өч алуу үчүн бул ишке барган. Ал тууганын чакырып, батирде адам жоктугунан пайдаланып, балконунан кирип, кыздын бөлмөсүнө бензин чачып өрттөп салышкан”, - деп билдиришти күч органдары.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык соттун чечими менен кармалгандар үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий