• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 38,4 пайызга азайган

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде Чүй облусунда 334 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 542), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 38,4 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 206 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 62,1 %ын түзөт.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 48,8%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 10,4%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 7,4 %;
  • балдардын от менен ойноосунан – 9,2 %;
  • тамеки чегүүдөгү этиятсыздык – 11,9 % өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Жайыл району - 36;
  • Токмок шаары жана Чүй району – 54;
  • Аламүдүн району – 60;
  • Ысык-Ата району – 60;
  • Кемин району – 14;
  • Москва району – 32;
  • Панфилов району – 17;
  • Сокулук району – 61.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла.

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий