• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өмүрүн кыюуга аракет кылган 15 жаштагы кыз куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Бишкектин Б.Алыкулов менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдун кароо мунарасынан өспүрүм кыз секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, ыкчам түрдө жерине беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар 15 жаштагы Т.А. аттуу кызды аман-эсеп түшүрүп, медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Учурда аталган жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий