• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен өспүрүм куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Ордо-1 конушунун Ю.Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 17 жаштагы М.Р. аттуу бала чуңкур казып жатып, түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамында жабыркаган өспүрүмдү чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Баланын абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий