• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош мэриясы кыргыз тилин даңазалаган видеороликтерге сынак жарыялады. Шарттары

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди даңазалаган, тарбиялык маанидеги видеороликтерге сынак жарыялайт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынакка Ош шаарындагы мамлекеттик, жеке теле-радиокомпаниялар жана продакшн-студиялар катыша алат.

Видеороликке карата талаптар:

  • Кыргыз тилинин баалуулугун жеткирүү чеберчилигине;
  • Тарбиялык маанисине жана тасманын аталышына;
  • Видео-тасманын тартымынын жана топтоштуруу сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

Ролик 3 мүнөттөн ашпоо керек. Ар бир катышуучунун сынакка бир гана видеоролик тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Кошумча суроолор боюнча байланыш номери: 0558 888 929.

Пикир

Оставить комментарий