• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 448 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 19-февральдан тартып 25-февралга чейин бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 20 миң 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 364;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 448;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1173;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3138;
- вто ээнбаштык – 14;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2854;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 179;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1431 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий