• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда оор кылмышка шектүүлөр кармалышты

Коом 0

Бишкек, 31.03.18 /Кабар/. Жайыл районунда оор кылмышка шектүүлөр кармалышты.

Милициядан билдиришкендей, 2018-жылдын 15-февраль күнү Жайыл районундагы айылдардын биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.

Жайыл РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жансыз дененин өздүгүн тактоо учурунда ал жергиликтүү 29 жаштагы П.А. аттуу жашоочу экендиги аныкталган.

Өлүмдүн себептерин аныктоо максатында Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык эксперизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын баш мээсине жаракат алганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жайыл райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы А.З. жана 29 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү тургундар кармалышкан.

Териштирүү учурунда окуя болгон күнү каза болгон П.А. аттуу жаран тааныш балдар менен эс алып отурушуп, спирт ичимдиктерин ичишип, уруша кетишкен. 29 жаштагы П.А. башына алган жаракатынан улам каза болгондугу малым болгон.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий