• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын фундаментине капсула салуу жөрөлгөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. 2017-жылдын 22-май күнү Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Ш.К.Камбаровдун, Сот департаментинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы К.М.Капаловдун жана Чаткал районунун жергиликтүү жашоочуларынын катышуусу менен Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын фундаментине келечек муундарга кайрылуусу салынган капсуланы салуу жөрөлгөсү болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун жаңы имаратынын курулушу Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Соттун жаңы имаратынын курулушунун башталышы Кыргыз Ресупубликасынын Жогорку сотунун Төрайымы А.Токбаеванын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимовдун түздөн-түз демилгесинин жана көзөмөлүнүн астында жүргүзүлдү.

Бекитилген долбоор боюнча соттун жаңы имараты заманбап талапка ылайык курулууда, имаратта сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик максатуу программада каралган бардык шарттар түзүлөт.

Облустук соттун төрагасы Ш.Камбаров курулуп жаткан соттун жаңы имаратынын фундаментине келечек муундарга кайрылуусу салынган капсуланы салып, өз сөзүндө соттун имаратынын курулушунун башталышына жана Мамлекеттик максаттуу программанын ишке ашуусунун улантылуусуна шарт түзүп берүүгө көңүл бургандыгы жана кол кабыш кылгандыгы үчүн мамлекетибиздин, Жогорку соттун, Сот департаментинин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле, Чаткал районунун акими К.Ж.Эшалиевге жергиликтүү деңгээлде жардам бергендиги үчүн ыракматын айтты.

Пикир

Оставить комментарий