• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-сенябрда КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Америка Кошмо Штатынын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултерди кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, социалдык-экономикалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, тоолуу аймактарга конок үйлөрүн куруу жана мамлекеттик кызматкерлерге англис тилин үйрөтүү боюнча долбоор иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты

Пикир

Оставить комментарий