• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Талас облусунун башчысы Соль-Илецктен келип, обсервацияга алынган облус тургундары тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев "Семетей" обсерваторунан үй карантинине чыгарылып, Талас облусунда обсервацияга алынган облус тургундары тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, Россиянын Соль-Илецк шаарынын Бишкекке автобустар менен 451 жаран келген. Алардын баары "Манас" аэропортунун жанындагы "Семетей" обсерваторуна жаткырылган. Алардын арасынан 100дөн ашык кишиде коронавирус аныкталган.

18-майда ал жерде жаткандар үй карантинине чыгаруу талабын коюшуп, ызы-чуу чыгарышкан. Андан кийин алардын арасынан анализдери таза болгондор үй карантинине чыгарылган. Анын ичинен 51 киши Талас облусунун тургуну болот.

Мураталиев, алар "Семетей" обсерваторунан үй карантининен чыгарылган Талас облусунун тургундарын Талды-Булак айылындагы посттон тосуп алып, обсервацияга жаткырганын билдирди. Ал белгилегендей, облустук штабдын алгоритминин негизинде, чет жерден келгендер обсервацияга алынат.

"Аларды Талды-Булак постунан тосуп алдык. Биздин постто көзөмөл катуу. Обсервацияга жаткырып жатканда "бизде кагаздарыбыз бар, биз жатпайбыз" дешип, кичине түшүнбөстүктөр болду. Сактыкта кордук жок демекчи санитардык дарыгерлердин айтканы боюнча алар обсервацияга жаткырылды", - деди ал.

Анын айтымында, алар алгоритмдин негизинде 5 күн кармалып, андан кийин ПЧР-тесттин негизинде обсервациядан чыгарылат.

Онлайн брифинг учурунда Мураталиевге "обсервацияга жаткырылгандарды сабаган учур болду деген маалымат чыгып жатат, анын канчалык деңгээлде чындыгы бар?" деген суроо узатылды.

"Уруп-сабады деген маалыматтар интернет булактарында жүрөт. Аларды укук коргоо органдары киргизди. Биз өз билемдик кылган жокпуз. Санитардык дарыгерлердин айткандарын аткарып жатабыз. Ал жерде бирөөнү уруп-сабоо болгон жок, түшүндүрдүк. Баары эле кирип, 4-5 бир тууганыбыз баш тарткандыктан аларды укук коргоо органдары алып киргизди. Азыр 51 адамдын баары, аларды алып келген айдоочулар обсервацияда жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий