• 88.68
  • 95
  • 0.95

Беткап тагынып, коюлган талаптарды аткаргыла - Ош облусунун башчысы жергиликтүү элге кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып жергиликтүү калкка кайрылды.

Анын айтуусуна караганда, ишин кайрадан жанданткан экономикалык субъекттерде санитардык нормалар айткарылбай жатат.

"Ошол эле дүкөндөрдө кезекте тургандар 1,5-2 метрлик аралыкты сактабай жатат. Беткап кийбей жатышат. Бул талаптарды эч ким жокко чыгарган жок. Бул кооптуу оору экенин баарыңыздар көрүп жатасыздар, коюлган талаптарды аткаруу керек", - деп жергиликтүү тургундарга кайрылды.

Жылкыбаев жергиликтүү бийлик, медиктер жана укук коргоо орган кызматкерлери койгон талаптарды аткаруу менен гана илдетти жеңебиз деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Ош облусунда 220 адам коронавирус жуктурса, анын 187си айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми облус боюнча коронавирус жуккан 6 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий