• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы-Арык-Кызыл-Суу унаа жолу селдин кесепеттеринен тазаланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 2-июнь күнү саат 19:30 чамасында жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу кокту-колоттордон келген сел суулары Кызыл-Суу айыл аймагынын Жаңы-Арык-Кызыл-Суу унаа жолунун 16-26 чакырым аралыктарын кум шагылга толтурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жол убактылуу жабылган. Жерине айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, жол каттамы бир тараптуу ачылган.

Учурда тазалоо иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий