• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы Ж.Раимбеков көчөсүн толук оңдоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Ж.Раимбеков көчөсүнүн Масалиев проспектисинен Кара-Суу көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча аталган көчөнү көрктөндүрүү, жолго асфальт төшөө жана жарыктандыруу жумуштары каралган. Жолдун жалпы узундугу 530 метрди, туурасы 22 метрди түзөт. Анын эки тарабындагы туурасы 5 метрден 8 метрге чейинки тротуарлар оңдоп-түзөлөт.

Мындан тышкары, бул жерде шаар тургундары жана жашоочулары үчүн заманбап эс алуу аянтчалары курулуп, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле видеобайкоо системаларды, инсталляцияларды, фотозоналарды, көчөгө кооздолгон чатырлары бар отургучтарды орнотуу, калк үчүн эс алуучу жайларды куруу, ар кандай жарнамалык, майрамдык, анимациялык LED-экрандарды орнотуу, велосипед токтотуучу жайларды уюштуруу каралган.

Учурда Ж.Раимбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик коомдук тамактануучу жайлардын убактылуу жана мыйзамсыз тосмолору алып салынууда.

Пикир

Оставить комментарий