• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Чүй облусу боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июнда облус боюнча 187 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 18 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле 20-июнда облус боюнча 41 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 18 куткаруучу тартылган.

Иш-чара уланууда.

Пикир

Оставить комментарий