• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 15-20.06.20

Аналитика 0

Бул аптада Каржы министрлиги быйылкы жылы мамлекеттик карызды төлөөгө канча каражат сарпталары жана жыл башынан бери ага канча акча кеткени, ошондой ушул жылдын 5 айындагы бюджеттин дефицити тууралуу айтып берди. Аны менен бирге июнь айындагы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат айтылды.

Бизнес акыйкатчынын иши. Бул аптада Кыргызстандын бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин жолугушуусу болуп, анда Кыргызстандагы ишкерлерди колдоо маселелери каралган.

Жолугушуу учурунда Бизнес акайкатчы институтунун иши, аларга ишкерлерден келип жаткан кайрылуулар жана арыздар, аларды кароо маселелери талкууланган.

Ошондой эле учурдагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн ишкерлерге колдоо көрсөтүүсү тууралуу кеп козголгон. Бизнес акыйкатчы инвесторлорду колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнести жүргүзүү шарттарын жеңилдетүү маселелери боюнча кеп-кеңеш, сунуштарын айткан. Аны менен бирге жолугушууда тараптар ишкерлердин, бизнес өкүлдөрүнүн укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы кызматташуусун арттыруу маселелерин талкуулашкан.

Бюджеттин дефицити. Быйылкы жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү.

Каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков айтымында, быйыл 5 айдын жыйынтыгы менен 40 млрд 996 млн киреше чогултулган.

“Ал өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 11 млрд 199 млн сомго аз. Чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түздү. Былтыркы жылга караганда чыгаша 2 млрд 867 млн сомго көп болду. 5 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү”, - деди ал.

COVID-19: Дарыгерлерге кошумча төлөм. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине жыл аягына чейин кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн 700 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди.

“Март, апрель, май айында иштеген медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрү төлөнүп бүткөн. Жыл аягына чейин кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн каражаттар бюджетте каралган эмес. Учурда ал боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Божомол боюнча 700 млн сом кошумча каражат табыш керек. Ал каражаттар табылат жана убагында төлөнөт деп ойлойм. Ички иштер министрлигинин, Коргоо комитетинин, УКМКнын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча маселе каралып жатат. Мыйзамда өзгөчө кырдаал (абал) учурунда иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр каралган. Тизмелер, эсептер такталып, өкмөттүн чечими чыккандан кийин биз каражаттар төлөнөт”, - деди ал.

Бензиндин баасы. Быйылкы жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча жыл башына караганда Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баасы арзандагын байкалат.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, январь-май айларында бензиндин баасы 6,5 сомго же 16,2%га жана дизель майынын орточо баасы 8,6 сомго же 19,1%га арзандаган.

Россия менен Кыргызстандын ортосунда 2020-жылга карата мунайды – 50 миң тонна, бензинди – 460 миң тонна, дизель майын – 485 миң тонна жана реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунду – 100 миң тонна көлөмүндө сатып алуу боюнча мунай жана мунайзаттарынын индикативдик балансына кол коюлган. Зарыл болгон учурда Россия тарап менен бирге индикативдик баланска өзгөртүү киргизүүгө болот.

Мамлекеттик карыз. 2020-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 14 млрд 258,3 сом сарпталган.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, 14 млрд 258,3 млн сомдун ичинен 6 млрд 407,2 млн сом мамлекеттик тышкы карызды, 7 млрд 851,1 млн сом мамлекеттик ички карызды төлөөгө сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

- Негизги сумма – 4 млрд 415,6 млн;

- Пайыздары – 1 млрд 991,6 млн.

Бардыгы: 6 млрд 407,2 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

- Негизги сумма – 6 млрд 87,1 млн;

- Пайыздары – 1 млрд 764 млн.

Бардыгы: 7 млрд 851,1 млн

Жалпы:

- Негизги сумма – 10 млрд 502,7 млн;

- Пайыздары – 3 млрд 755,6 млн.

Бардыгы: 14 млрд 258,3 млн сом

“Белгилей кетсек, мурда 2020-жылга бекитилген бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын төлөөгө 28 млрд 818,8 млн сом жумшоо пландалган. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин бул максаттагы чыгымдарга 32 млрд 821,2 млн сом сарпталмай болду”, - деп билдиришти министрликтен.

Жаштар борбору. Өлкөнүн аймактарында жаштар борборлорунун курулушу уланууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, Ош облусунун Чек-Абад айылында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Нарын облусунун Кочкор айылында, Талас облусунун Кара-Буура айылында жана Баткен облусунун Исфана шаарында жаңы жаштар борборлору курулууда.

Ош облусунун Нариман, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон айылдарында жана Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жаштар борбору үчүн бөлүнгөн имараттарда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Июнь айындагы бюджет. Бул аптада каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков июнь айындагы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, план боюнча июнь айында бюджетке 9 млрд 257 млн сом киреше түшөрү белгиленген.

“Бүгүнкү күнгө карата 3 млрд 578 млн сом, анын ичинде салык кызматы боюнча 2 млрд 132 млн сом (план − 4 млрд 89 млн сом), бажы кызматы боюнча 863 млн (план − 2 млрд 50 млн сом), салыктык эмес кирешелер боюнча 603 млн сом (план − 2 млрд 681 млн сом) чогултулду. Июнь айында баалуу кагаздарды чыгаруудан 306 млн сом түштү (план − 1 млрд 254 млн сом). Чыгаша бөлүгү тууралуу айтсам, учурда биздин алдыбызда мугалимдердин, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек өргүү акысын, маянасын өз убагында камсыздап берүү, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун трансферттери боюнча милдеттер турат. Бүгүнкү күнү айлык маяна беренеси боюнча 1 млрд 942 сом каржыланды. Социалдык керектөөлөргө чегерүүлөр 196 миң сом түздү, Социалдык фондго трансферттер толук түрдө – 1 млрд 837 млн сом бөлүндү. Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул өз убагында каржыланууда. Пландалган 862 млн сомдун 733 млн сому берилди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий