• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Камбар-Ата-1» ГЭСи кубаттуулугу жагынан Токтогул ГЭСинен күчтүү болот

Аналитика 0

Өткөн аптада кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдарды шаңдуу маанайда тосуп жатканда, Бишкекте келечекте эң кубаттуу боло турган ГЭСтин тагдырын чечүүчү маанилүү документке кол коюлду. Боордош үч республиканын энергетика министрлери Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жайкы саммитинде Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кабыл алган чечимди иш жүзүндө ишке ашырууга киришти. Буга ылайык, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандын «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууда толук кандуу өнөктөштөрү болду.

Көптөгөн жылдан бери олуттуу талаш-тартыштын предмети жана аталган долбоордун ишке ашуусуна тоскоол болгон транс чек аралык дарыялардын агымы боюнча Бишкек, Астана жана Ташкент макулдашылган чечимди иштеп чыкканы өтө маанилүү факт экенин баса белгилеп кетүү керек. Тараптар биргелешип өнүгүүнүн ачкычы — кызыкчылыктарды өз ара урматтоо жана консенсус экендигин түшүнүштү. «Камбар-Ата-1» ГЭСи чөлкөмдүк масштабда энергияны иштетип чыгуудан сырткары, суу регулятору да болуп калат.

Курулушу жүрүп жаткан жаңы ГЭС Токтогул ГЭСине караганда Нарын дарыясынын жогору жагында жайгашкандыктан, каскад сууну үнөмдүү пайдаланат. Натыйжада ГЭСтин агрегаттарынан өткөн суу кайра эле биздин суу сактагычта калат. Башкача айтканда, кышында бизге жана биздин коңшуларга ири аянттагы айыл чарба жерлерин суугаруу үчүн керек болгон сууну көлөмүн топтоого болот. Жайкысын сууну сугат иштерине коё бергенде, энергияны Токтогул ГЭСи иштеп чыкса, «Камбар-Ата-1» ГЭСи кышкы мезгилде иштөөгө кайра толгонго мүмкүнчүлүк алат. Тизмектелген артыкчылыктарды түшүнгөн тараптар макулдашылган түрдө ири долбоорго инвестиция салышат.

««Камбар-Ата-1» ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте «Камбар-Ата-1» ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. Бүгүн биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт», - деп билдирди Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жол картасына кол коюу аземинде.

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу Кыргызстанда болуп келген бир топ орчундуу маселелерди чечет. Мисалга, конуштардагы жылуулук системасын көмүрдөн электрэнергиясына которуп, кара алтындын пайдалануусун кескин кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, шаардагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жана башка ири ишканалардын да көмүрдү сарптоосун кыскартат. Дагы бир маанилүү артыкчылыгы – бул кошумча сууну сактап, жайкы мезгилде айыл чарба иштерине колдонуу. Бул кадамдар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан сырткары, өндүрүштүн бир кыйла өсүшүнө байланыштуу энергияны көп талап кылган өндүрүштөрдү түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошондой эле дагы бир жакшы жагы – бул Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алышы, анткени, энергия – ар дайым пайдалуу сатууга мүмкүн болгон товарлардын бири болуп саналат.

Өткөн жайда президент Садыр Жапаров «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу иштерине старт берген. Долбоорду ачуу иш-чарасында Садыр Жапаров «Камбар-Ата-1» ГЭСинин бир топ артыкчылыктарына кенен токтолгон. Эң негизгиси – бул Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу.

«Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, суунун мындан ары көбөйбөй тургандыгын окумуштуулар, эл аралык изилдөөчү уюмдар божомолдоп айтып келе жатышат. Чындыгында эле ааламдашуунун шары менен өлкөдө электр кубатына болгон муктаждык барган сайын өсүүдө. 30 жыл мурда биз электроэнергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп келебиз. Камбар-Ата 2 ГЭСин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес. Мына ошондуктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул жагынан алганда биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү туура пайдаланып, элибизге туура жеткирүүгө милдеттүүбүз. Эми өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон мөңгүлөр менен ири дарыяларыбызды энергетика жаатында артыкчылык катары туура пайдаланууну, Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылууну жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүүнү колго алабыз», - деп белгилеген Садыр Жапаров.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин толугу менен куруп ишке киргизүүгө керектелүүчү акча каражатынын жалпы суммасы техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип чыккандан кийин айтылары күтүлүүдө. Алдын ала эксперттердин айтымында, 3 миллиарддан 5 млрд долларга чейин акча каражаты керектелиши мүмкүн. Азырынча ГЭСтин айрым кубаттуулук мүмкүнчүлүктөрү белгилүү. Ал бийиктиги 257 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, көп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,5 млрд кВт/саатты түзгөн, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Ооба, иштин көлөмү абдан чоң, чыгымдар олуттуу, бирок ансыз өнүгүү болбой тургандыгы анык. Келишимге ылайык, тараптар долбоордо тең мүмкүнчүлүккө ээ болот. Кыргызстан 34 пайызга ээ болсо, өнөктөш болгон Казакстан менен Өзбекстан 33%дан алат. Ал эми «Камбар-Ата-1» ГЭСин паритеттүү жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун негизинде биргелешкен ишкана башкарат.

Өткөн аптада Бишкекте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин деңгээлинде кол коюлган жол картасы тараптардын конкреттүү кадамдарга өткөндүгүнөн кабар берет. Ал эми биздин өлкө үчүн «Камбар-Ата-1» долбоорун ишке ашыруу эгемендик алган күндөн берки эң ири долбоор болуп саналат.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий