• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясында саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында саптык кароо өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз билдиргендей, анда кызматкерлердин жазгы-жайкы кийимге өтүүсүнө байланыштуу жанында алып жүрүүчү каражаттары текшерилди. ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кетирилген кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу талабы коюлду.

Ошондой эле коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөдө жарандар менен сылык мамиледе болуу керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий