• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын аймагында коомдук профилактикалык «Укук тартип» иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында коомдук профилактикалык «Укук тартип» иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Комплекстүү профилактикалык иш-чаранын башкы максаты шаардын аймагында коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, жалпы эле кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

«Укук тартиптин» алкагында коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар күчөтүлөт. Иш-чара 15-17-март күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий