• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында табигый кырсыктан 279 турак жай корголду - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында табигый кырсыктан 279 турак жай корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, сел жана суу ташкындарын алдын алуу жана башка өзгөчө кырдаалдардын тобокелин азайтуу максатында, КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2020-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары” мерчемине 11 объектиде жээк бекемдөө иштери каралып, анын ичинен 9 объектиде жумуштар аткарылды.

Алар:

  • Чүй районунда 5 объектиде иш-чаралар бүттү;
  • Сокулук районунда 1 объектиде иш-чаралар бүттү;
  • Аламүдүн районунда 3 объектиде иш-чаралар бүттү.

Аткарылган жумуштардын натыйжасында: 279 турак жай, 112 га айдоо жер, 21 ЛЭП, 1 мончо, 1 от жагуучу жай, 7 дача, 1 трансформатор, 1 көпүрө, 1 мектеп, 2 ички чарбалык унаа жолу корголду..

Пикир

Оставить комментарий