• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-15-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

14-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий