• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аткезчиликке жол берилбейт - УКМКнын жетекчиси

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Аткезчиликке жол берилбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде билдирди.

"Биздин чек аралар аркылуу аткезчилик жасалып келген. Эми андай болбойт. Ал иштерден улам биздин мамлекетке доо кетип жатат. Бажы жана Салык кызматтарында эч кандай коррупциялык схемалар болбойт", - деп баса белгилеп, Кытай менен Тажикстандан ташылган аткезчиликке бөгөт коюларын билдирди.

Ал баңгизаттын ташылышы боюнча да иш алынып барарын айтып, бирок аны менен кимдер алектенери азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий