• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы окуу жылына карата Токмок шаарындагы мектептерге 60 компьютер берилет

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Токмок шаарынын мектептерине жергиликтүү бюджеттен жаңы окуу жылына карата 60 компьютер, 6 ноутбук жана 6 проектор берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуу жараянын жакшыртууга негизги жардамды демөөрчүлөр да көрсөтүп жатат.

Кегети айылындагы О. Исаев атындагы мектепке кабинеттерди жана дааратканаларды оңдоп-түзөө үчүн 1,5 миллион сом бөлүнгөн. А. Токоев атындагы орто мектептин тегерек четин курчаган тосмо да демөөрчүнүн жардамы менен орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий