• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандар Салык кызматынын сайтынан транспорт жана турак жайга салыктын суммасын өз алдынча эсептей алышат

Экономика 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын жана кыймылсыз мүлктүн ээлерине ведомствонун сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен салыктардын суммасын өз алдынча эсептөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин эскертет.

Бул үчүн салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтына кирип, “Электрондук кызматтар” тиркемесинин ичинде жайгашкан “Электрондук жардамчы жана калькулятор” бөлүгүн табуу зарыл. Ушул бөлүмдүн ичинде “Кыймылсыз мүлк объектисине салык эсептөө” жана “Кыймылдуу мүлк объектисине салык эсептөө” шилтемелери бар.

Керектүү шилтемени ачып, тийиштүү уячаларга кыймылдуу мүлк же кыймылсыз мүлк объекттери боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү керек, андан кийин “салыкты эсептөө” кнопкасын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктардын суммасын берет.

Белгилей кетсек, 2019-жылга чейин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери салык органдарына төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы жана эсептелип чыккан мүлккө маалыматтык эсептөөлөрдү толтурууга жана тапшырууга милдеттүү болгон. Эми аны толтурууга кажет жок.

Эгерде салык төлөөчүдө төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын өз алдынча эсептөөдө кыйынчылыктар пайда болсо, анда ал толук маалымат берүүгө милдеттүү болгон жергиликтүү салык органына кайрылууга укуктуу.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий