• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен облусунда баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 06.03.21. /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев 8-март - Аялдардын эл аралык майрамынын урматына, Баткен облусундагы жашы эң улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоосун, каалоо тилектерин жана белектерин өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров ээлерине жеткирди.

“Адам баласына өмүр тартуулоо, ага таалим тарбия берип, мээрим менен чоңойтуп, эл катарына кошуу бул эбегейсиз эмгек. Ошол эле учурда, апалардын өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө да салымы зор. Сиздер ар дайым урмат-сыйга татыктуусуздар”,- деди М.Насиров.

Пикир

Оставить комментарий