• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде милиционерлер сууга агып бара жаткан аялды куткарып калды

Аймак 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Баткенде милиционерлер сууга агып бара жаткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, полктун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери Мадияр Мотоев жана Мелис Мадали уулу бүгүн саат 10:00 чамасында Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аялды кѳрүп калышкан.

Ошол замат милиция кызматкери сууга секирип, аялды куткарып калышкан. Андан соң, куткарылган аялды ооруканага алып барышкан. Учурда аялдын абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий