• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында Билим берүү жана инновация борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Нарын шаарындагы Салымбеков университетинде Билим берүү жана инновация борбору ачылды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышты.

Ачылышта сөз сүйлөгөн төрага меценат жана коомдук ишмер Аскар Салымбековдун билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында жасап жаткан иштерине жогору баасын берди.

Төрага муну менен катар агартуу тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор келечек үчүн чоң инвестиция экенин белгилеп, мындай окуу борборлорунун ачылышы өлкө үчүн өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Соңунда Нурланбек Шакиев Салымбеков университетинин жана Билим берүү жана инновация борборунун жамааты менен да баарлашып, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

Алсак, заманбап технологияларды, усулдарды киргизүү аркылуу билим берүү системасын өнүктүрүүнү көздөгөн Салымбеков университети 2019-жылы негизделген. Андыктан, окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу менен азыркы турмушка керектүү кесиптер боюнча нарындык жаштар үчүн билим берүүнү көздөгөн борбор бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий