• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун аймагында тилемчилик кылып жүргөн 52 өспүрүм бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 2020-жылдын 19-августунан 21-августуна чейин “Тилемчи” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус аймагында жалпы билим берүү мекемелеринин жайкы эс алуу учурунда окуучулар бош убактысында коомдогу жат көрүнүштөргө аралашып калуусун, ошондой эле селсаяктык жана тилемчилик менен алектенишин, укук бузууларга жана кылмыштуулукка аралашып калууларына бөгөт коюу максатында ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тилемчилик жана селсаяктык кылган 52 жашы жете элек бала аныкталып, Ош ОИИБдин ЖУАБна 35 жаш өспүрүм жеткирилди.

"Алардын ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери алып барылды. Иш-чарага ИИОнун кызматтарынан жалпысынан - 218 кызматкер жана башка органдардын өкүлдөрүнөн 36 кызматкер катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий