• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мурдагы министр Динара Кутманованын баласы Стамбулдан кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Жер казынасын пайдалануу тармагындагы коррупциялык алдамчылыкты уюштурган деп шектелген Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы жетекчисинин уулу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталып, бөгөт коюлган, анын жүрүшүндө Коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Түркияда жашынып жүргөн коррупциялык топтун дагы бир уюштуруучусу кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Д.Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө "откат" түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган. Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 млн сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле ал "Жашыл Мурас" долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон.

Анын үстүнө К.Кутманов "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турган.

Маалымат үчүн: 2021-жылдан азыркы мезгилге чейинки мезгилде "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын каражаттарынан КР айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң доллары өлчөмүндө каражат, (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн сом) бөлүнгөн. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 млн 800 миң сомго жакын.

КР Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" 720 млн сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 млн сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 млн сом кайтарды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып кеткени, андан кийин 2023-жылдын 13-июнунда Россиянын Москва шаарына учуп кетип, андан кийин 2023-жылдын 19-июнунан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жүргөндүгү аныкталды.

К.Кутмановго "ИНТЕРПОЛ" аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана УКМК менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө К.Кутманов анын катышуусу менен тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргызстандын аймагына алынып келинип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Белгиленгендей, УКМК иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий