• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Жалал-Абадда окко учкан 4 аскер жерге берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Баткендеги чек ара коогалаңында каза болгон Жалал-Абад облусунун төрт аскер кызматкери жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара кагылышуусунда Жалал-Абад облусунун жалпы беш аскер кызматкери курман болду. Алар Сузак районунун эки, Ноокен районунун эки, Ала-Бука районунун бир жараны болгон.

Бүгүн, 18-сентябрда алынып келинген төрт аскер кызматкеринин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жакындарына көңүл айтты.

Пикир

Оставить комментарий