• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров менен Путин телефон аркылуу чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Кыргызстандын Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады.

Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий