• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБине келди. Ыкчам штабдын жыйыны өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров авария катталган Бишкек жылуулук электр борборуна келди.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ал ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп жатат.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий