• 88.68
  • 95
  • 0.95

Авазбек Атаханов Бангладештин элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Монирул Исламдын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Мохаммад Исламдын дайындалышы менен куттуктап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-бангладеш мамилелеринин активдешүүсүнө үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде Бангладештин дипломатиялык миссиясынын башчысы эки тараптуу кызматташтыкты жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин маалымдады.

Тараптар ар кандай чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүү, кезектеги ТИМдер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашып, ошондой эле Кыргызстан менен Бангладештин аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттешүүсүн улантууну макулдашышты.

Министрдин орун басары Атаханов КР Тышкы саясий мекемеси доктор М.М.Исламдын дипломатиялык миссиясын аткарууда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, кыргыз-бангладеш кызматташтыгын күн тартибиндеги маселелерди ишке ашырууда жемиштүү иштерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий