• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министри авария катталган Бишкек ЖЭБдин аймагына келди

Коом 0


Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапарын үзгүлтүккө учуратып, авария катталган Бишкек ЖЭБдин аймагына келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий