• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде аткезчилик менен алып келинген 26 тонна жер семирткич аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Баткенде аткезчилик менен келген жер семирткичтер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Экономикалык контрабанда" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында 2024-жылдын 31-январында экономикалык аткезчиликке каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу максатында аткарылган иш аракеттеринин жыйынтыгында, Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде 20 фут контейнерде Өзбекстандан аткезчилик жолу менен Баткен облусунун аймагына алынып келинген жер семирткичтер аныкталып, алынды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 518 кап (болжол менен 26 тонна) чыккан жер семирткичи Баткен шаарынын 43 жаштагы К.А.га таандык экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий