• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарыгер: Кыргызстанда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы эхинококкоз жуктурган учурлар бар

Ден соолук 0


Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы эхинококкоз жуктурган учурлар бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитолог-дарыгери Жумагүл Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, ооруну үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы бир эле иттен жуктуруп алышы мүмкүн.

Усубалиева белгилегендей, өлкөдө эхинококкозду алуу боюнча жылына 1000 операция жасалат, бирок алардын арасында каза болгондор көп болууда. Дарыгер ошондой эле эң коркунучтуусу ооруну дары-дармек менен дарылоого болбой тургандыгын, ал операция жолу менен гана дарылана тургандыгын билдирди.

Ал жарандардан бул ооруга олуттуу мамиле жасап, иттерди 3 ай сайын мите курттарга каршы дарылоо керектигин, дарылоо учурунда жаныбарды адамдардан обочолонтуу зарылдыгын кошумчалады.

Өз кезегинде, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Анара Мамбетисаева билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 7 айында оорунун 400 учуру катталган.

Анын айтымында, оорунун көбөйүшү аймактарда мал чарбачылыгы кеңири жайылганына байланыштуу болууда.

Мамбетисаева белгилегендей, жарандар негизги гигиеналык эрежелерди сактап, колду тез-тезден жууп турушу зарыл.

“Ошондой эле жарандарды УДИден өз убагында өтүүгө чакырабыз, анткени оору бүт денеге тез тарайт, убагында аныкталса аны менен күрөшүү оңой болот”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий