• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мектептердин айланасына жол белгилери орнотулууда – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Кыргызстандын бардык аймактарында мектептердин айланасына тийиштүү жол чийиндери жана жол белгилери орнотулууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмү 2023-2024-окуу жылынын башталышына карата жалпы республика боюнча мектептердин айланасындагы жолдордун абалын жеринен кароо жана текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Анын негизинде жетишпеген жол белгилерин, жол чийиндерин, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттарын аныктап, аны аткаруу боюнча тийиштүү муниципалдык кызматтарга сунуштама беришкен.

Ошондон кийин мектептердин айланасындагы унаа жолдорго мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ылдамдык, жөө жүргүнчү белгилери, атайын дөңсөө жол белгилери орнотулуп, жөө өтмөк чийиндери жаңыртылууда.

Пикир

Оставить комментарий