• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар балдарын эмдетүүгө даярбы? КРда кеңири изилдөө жүргүзүштү

Ден соолук 0

Бишкек, 24.04.18. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын 1%га жакыны балдардын эмдетүүнү каалашпайт, дагы 3%ы али чечише элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Ребикон” изилдөө компаниясынын өкүлү Лариса Минбаева билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, республиканын жети облусунда жана Ош, Бишкек шаарларында өткөн жылы өлкөдө эмдөө жүргүзүү, коомдун анын маанилүүлүгү жөнүндө канчалык кабар экени, эмдөө же баш тартуу чечимин үй-бүлөдө ким кабыл алары боюнча кеңири изилдөө жүргүзүлгөн.

Сурамжылоого 2500 респондент катышып, көпчүлүгү эмдөөнүн таасирдүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүшөт. 95% энелер балдарды милдеттүү түрдө эмдетүү керек деп эсептешет.

“Биз эмдөөгө макулдук бергендердин төмөнкү деңгээлин Бишкек шаарында, айрым көрсөткүчтөр боюнча Талас жана Чүй облустарында аныктадык. Эгерде балдар үчүн зарыл эмдөө көрсөткүчү улуттук деңгээлде 90% болсо, анда борбордо 87%”, - деп кошумчалады Минбаева.

Кызматты пайдаланууда аялдар туш болгон негизги маселе – бул поликлиникалардагы кезектер. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек жана Ош шаарларында байкалат.

Изилдөөнүн жүрүшүндө 39% энелер баласын эмдетүүдө жолдошунан кеңеш сурап кайрылат. Ал эми 36% чечимди өздөрү кабыл алышат. Ысык-Көл жана Нарында 70% аялдар кыйла өз алдынча, алар эч ким менен кеңешишпейт.

Пикир

Оставить комментарий