• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Нарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы 21 участкалык шайлоо комиссиясы эртең мененки саат 8:00дө Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылды.

4065-шайлоо тилкесинен өз добушун берген Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров шайлоонун жүрүшүнө ийгилик каалап, ынтымак менен таза өткөрүп алууну белгиледи.

Нарын шаары боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 31 миң 5, референдум үчүн 30 миң 579 шайлоочунун тизмелери такталган.

"Шайлоо тилкелери бардык муктаждыктар менен камсыздалып, техникалык мүчүлүштүктөрдү алдын алууга аракеттер көрүлүп, шаар аймагындагы шайлоонун жүрүшүнө мэрия кызматкерлери дыкат көзөмөл кылууда. Жугуштуу оорудан сактануу максатында санитардык талаптар каралып, беткап, антисептиктер таратылып, шайлоо участкаларына медицина кызматкерлери тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий