• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саат 18.00гө карата Токмок шаарында 13 миң 483 жаран добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Саат 18.00гө карата Токмок шаарында 13 миң 483 адам добуш берди. Бул тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жылдыз Молдогазиева билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 35,39%ын түзөт.

"Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча, Токмок аймактык шайлоо комиссиясына үч билдирүү келип түштү, анын экөө добуш сатып алуу боюнча болсо, бири шайлоочуларды ташуу. Бул билдирүүлөр Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө каралууда", - деп белгиледи Молдогазиева.

Комиссиянын төрайымы кошумчалагандай, Токмок шаарындагы шайлоо тилкелеринде кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр катталган жок.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий