• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Ленин бир мандаттуу округунан депутатты шайлоого добуш берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайрадан өткөрүлүп жаткан парламент депутатын шайлоо өнөктүгүнө катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Тагыраагы, төрага Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо участогунда добуш берди.

Андан соң Төрага шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган байкоочулар менен да баарлашып, добуш берүү өнөктүгү кандай жүргүзүлүп жатканын сурады.

Өз кезегинде байкоочулар азыркы учурга чейин аталган шайлоо участогунда мыйзам бузуу катталбагандыгын белгилешти.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев бул шайлоонун шаар тургундары үчүн мааниси өтө чоң экенине токтолуп, кайрадан уюштурулган добуш берүү өнөктүгү ачык-айкын, мыйзам талаптарына ылайык өтүшү керектигин кошумчалады.

"Ленин району борбор калаабыздагы эле эмес, республикабыздагы негизги аймактардын бири. Андыктан район тургундарынын жана жалпы мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн талыкпай иштеп, чыныгы эл өкүлү катары өз үлүшүн кошо турган талапкер тандаларына терең ишенем", - деди Төрага.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда кайрадан өтүп жаткан шайлоодо 24 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий