• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атадагы президенттердин жолугушуусу: Жол жээгиндеги унаалар эвакуацияланат

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Атадагы Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык кызматкер камсыздайт.

“ИИМдин буйругу чыгарылып, ага ылайык, министрликтин бардык кызматтарына тапшырма коюлган. Ошондой эле ичимдик ичүү, баңгизат колдонуу жана Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарга катыштыгы бар боюнча каттоодо турган жарандар тыкыр көзөмөлгө алынды”, - дейт ал.

Исмаилов кошумчалагандай, “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол кыймылы убактылуу жабылат.

“Делегациянын өтүү маалында гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол жээгинде кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусу өтөт. Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Пикир

Оставить комментарий