• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Польшадан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Польшада кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросу укук коргоо органдарынын кылмыштуулук жаатында өз ара аракеттенүүсү менен эл аралык издөөдө жүргөн жана чет өлкөдө издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чараларды көрөт.

КР ИИМи Интерполдун багыттамасынын жана издөө тапшырмаларынын негизинде үстүбүздөгү жылы Польша Интерполу тарабынан 1981-жылы туулган Румыниянын жараны Vasile B. аттуу адамды кармаган. Бирок, укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жанынан 1980-жылы туулган Руслан И., аттуу жаранга таандык башка документтерди табышкан.

Ушуга байланыштуу КР ИИМдин маалымат базаларындагы манжа издери боюнча текшерүү жүргүзүүдө анын чыныгы инсандыгы аныкталып, ал 1981-жылы туулган Манасбаев Булат Салимжанович экендиги тастыкталган.

Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Жазык кодексинин 166-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда КР Башкы прокуратурасы тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып чечилүүдө.

Мындан тышкары, кармалган жарандын Кыргызстандын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жок экендиги тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Буга байланыштуу ИИМ аталган жарандын кылмыштуу иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор же жабыр тарткандар болсо төмөндөгү номерлер аркылуу КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу 0312 66 06 96 же 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий