• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери пенсияга 40,5 млрд сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында пенсияга 40 млрд 564,5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- Бишкек шаары — 6 млрд 622,8 млн сом;

- Чүй облусу — 6 млрд 181,8 млн сом;

- Нарын облусу — 2 млрд 883,2 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 3 млрд 711,9 млн сом;

- Талас облусу — 1 млрд 693,1 млн сом;

- Ош шаары — 1 млрд 466,5 млн сом;

- Ош облусу — 7 млрд 497,2 млн сом;

- Баткен облусу — 3 млрд 469 млн сом;

- Жалал-Абад облусу — 7 млрд 039 млн сом.

Соцфонддон кошумчалашкандай, пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын сентябрында 4 млрд 485,6 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий