• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Нарын облусунун ирригация тармагын жакшыртууга 128 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Нарын облусунун ирригация тармагына быйыл 128 млн 100 миң сом бөлүнүп, суу чарба обьектилери жакшыртылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тармакка 2022-жылы 104 млн сом, 2021-жылы 19 млн сом гана каралган.

Ошондой эле ашар жолу менен курулуучу суу чарба оъектеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 млн сом каралып, курулуш иштери жүрүүдө.

"Учурда Ат-Башы районундагы Шамбет каналын куруу аяктоо алдында турат. Нарын районундагы Байменде, Ак-Суу каналдарына жана Кочкор районуна 8 скважина орнотуу боюнча тендер аркылуу материалдар алынып, жумуштар жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлигинин суу ресурстары кызматындагы “Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин өздөштүрүү, өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 9,6 млн долларга Жумгал районундагы Түгөл-Сай сезондук суу сактагычын куруу, ошондой эле 10,73 млн долларга Кочкор районундагы Шамшы БДРин куруу жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий